Көз карандысыздыктын 20 жылдыгы 31-август күнү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленет. Борбор калаа Бишкекте мааракеге карата аскердик парад болору кабарланган. Ага Коргоо, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, УКМКнын чек ара кызматынын жана жазык аткаруу кызматынын күзөт департаментинин аскердик техникалары жана жоокерлери тартылат. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, парадга аскердик күжүрмөн техниканын 80ден ашуун түрү чыгарылат.
Аскердик параддан кийин Ала-Тоо аянтында карнавал, театрлаштырылган оюн-зооктор өткөрүлүп, жалпы элдик сейилдөөлөр болот. Кечинде Спартак стадионунда чоң концерт өтөрү кабарланууда.
Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 30 млн. сом бөлүнгөн.(ZKo)