Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Кыргыз тилинин өнүгүшүнө арналган видео-диалог болот


Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына карата бүгүн боло турган видео-диалогго Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларынан жарандык активисттер катышат. Анда 1989-жылы кабыл алынган «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзамдын иш жүзүндө кандай иштеп жатканы, кыргыз тилинин массалык маалымат каражаттарында өнүгүшү жөнүндө талкуулашат. Мындан тышкары жарнама тармагында мамлекеттик тил мыйзамынын талаптары сакталбаганы, иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө өтүү маселелери каралат.
Иш-чараны «Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясы» уюштурууда.

Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилген. Талдоочулар мыйзам иш жүзүндө начар иштеп жатканын, кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнбөй келе жатканын белгилеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG