Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Ливияда козголоңчулар Каддафинин шаарына жакындашты


Ливиялык козголоңчулар Муаммар Каддафинин туулган жери - Сирт шаарына жакындашты. Кол башчылардын бири анын күчтөрү калаадан 100 километр алыстыкта экенин, дагы бир нече топ чыгыш жактан келатканын ырастады. НАТОнун аскерлери кечээ деңиз боюндагы шаарды 3-күн катары менен бомбалашканын билдиришти. Каддафини Сирттин жашоочулары дагы эле колдошот. Аналитиктер анын колго түшүрүлүшү козголоңчулар үчүн стратегиялык жана символикалык жактан маанилүү болмокчу дешет.
Кечээ алардын басма сөз катчысы Ахмед Омар Бани Каддафи Ливияда жасаган кылмыштары үчүн жооп берүүгө тийиш деп билдирди. Ал ошондой эле Триполиде 11 миңдей туткун бошотулганын айтты. Бирок соңку айларда 57-60 миңдей киши камакка алынган. Жана эркиндикке чыга электердин кайда кармалганы белгисиз. Кечээ Каддафи бийликти өткөрүп берүү сүйлөшүүлөрүн баштоого даярдыгын маалымат катчысы аркылуу билдирген эле. Козголоңчулар ал колго түшмөйүнчө сүйлөшпөй турушканын айтышууда. Каддафи азыр кайда экени белгисиз. Ал аралыкта Триполиге күйүүчү май менен суу жеткириле баштайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG