Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Мушаррафтын мүлкү конфискацияланат


Пакистан соту экс-президент Первез Мушаррафтын мүлкүн конфискациялоого буйрук берди. АФП агенттиги прокурорго шилтеме жасап маалымдагандай, сот Мушаррафтын Пакистандагы мүлкүн конфискациялоо жана өлкөдөгү банк эсептерин тоңдуруу чечимин кабыл алды. Экс-президент Лондон менен Дубайда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Ал мурдагы өкмөт башчы Беназир Бхуттонун киши колдуу болушуна байланыштуу издөөдө жүрөт. Мушаррафты камакка алуу ордери февралда чыгарылган. Прокурор ал Бхуттонун коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздабаган деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG