Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Кытай элчиси инвесторлор кызыкчылыгы корголбой жатканын айтты


Бүгүн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнь жергиликтүү журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, кытайлык ишкерлерге байланыштуу суроолорго жооп берди. Элчи Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлорго жергиликтүү элдин каршы чыгып жатканынын артында кимдир бирөөлөрдүн саясий оюну турушу ыктымал экенин шардана кылды. Кытайлык компанияларга Кыргызстанда кенди иштетүү үчүн берилген лицензиялар чоң сөз болуп жатканын, бирок бул жерде инвесторлордун да кызыкчылыгы эске алынышы керектигинин белгиледи. Элчи Кыргызстандагы чет өлкөлүк инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо жакшы жолго коюлбаганын да айтты.

Соңку учурда Кыргызстанда кен иштеткен кытайлык компанияларга, Кытайдын жүк ташыган унааларына байланыштуу бир топ нааразычылыктар чыгууда. Алардын эң соңкусу өткөн жумада Нарындагы Солтон-Сары алтын кенине байланыштуу болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG