Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Багдадда мечиттеги жардыруудан 28 киши өлдү


Багдаддагы эң чоң сунни мечитине жасалган бомба чабуулу 28 адамдын башын жалмады. Ондогон адамдар жарадар болду. Жанкечти жекшемби күнү намаздан кийин Умм ал-Кура мечитинде өзүн жардырып жибергени ырасмий маалымдалды. Курман болгондордун ичинде Ирак парламентинин мүчөсү Халид ал-Фахдуди да бар. Кол салууну ким уюштурганы азырынча беймаалым. Багдаддын батыш бөлүгүндөгү Умм ал-Кура мечитинде өлкөдөгү сунни уламаларынын ассоциациясы жайгашкан. Бул 15-августтан берки эң чоң кандуу булоон болду. Ал күнү Ирак боюнча катма-кат жасалган бомба чабуулу жана жанкечтилердин кыянаттыгынан кеминде 70 киши набыт болгон. Бийликтер кандуу чабуулдар үчүн “ал-Каиданын” Ирактагы бөлүмүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG