Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Иосихо Нода - Жапониянын эмки премьер-министри


Жапониянын финансы министри Иосихо Нода башкаруучу Демократтык партиянын төрагасы болуп шайланды. Бул колго салууда Өнөр жай жана соода министринен көп добуш алган Ноданын эмки премьер-министр болуусуна мыйзамый жол ачты. Парламент Иосихо Ноданы премьерликке эртең шейшемби күнү бекитүүгө тийиш. Нода Жапониянын акыркы беш жылдагы алтынчы өкмөт башчысы болот. Мурдакы премьер-министр Наото Кан 11-марттагы 8 балдык жер тербетүү жана атомдук станциядагы кырсыктын кесепеттерине каршы ыкчам күрөшпөдү деп күнөөлөнүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Демократтык партия жапон парламентинин өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзөт. Бирок жогорку палатада үстөмдүк кылган оппозиция кааласа, мыйзамдарды өткөрбөй койо алат.

XS
SM
MD
LG