Бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги жаңжал боюнча жыйын өткөрдү. Ага жаратылыш ресурстары министри, Нарындын губернатору жана “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси катышты. Солтон-Сарыда милиция кызматкерлеринин жана кен иштеткен компаниянын жумушчуларына кол көтөрүү фактысын иликтеп, күнөөлүлөр жазасыз калбашы керектигин эскертти. Инвесторлордун коопсуздугун камсыздоо маанилүү деп белгиледи.
Жаратылыш ресурстары министри, Нарындын губернатору жана “Кыргызалтындын” жетекчиси кен иштеткен чет өлкөлүк компанияларга лицензия берүү жана кайра чакырып алуу жол-жоболору тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди.
Солтон-Сары алтын кени «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын карамагында, ал эми кендин бир бөлүгү болгон Бучук алтын кени мындан үч жыл мурун жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Кытай ишкерлерине берилген.
26-август күнү Нарындын Эмгекчил айылынын 300дөй тургуну Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук кенин кытайлыктар иштетип жатканына нааразыланып, ишканадагы үч милиционерди жана кытайлык үч жумушчуну сабап салышкан болчу. (EBM)