ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Стросс-Кан мурдагы кесиптештери менен жолугушту

Эл аралык валюта фондунун экс-директору Доминик Стросс Кан кечээ фонддун Вашингтондогу баш кеңсесинде болуп, мурдагы кесиптештери менен коштошуп кетти. Өткөн аптада ага каршы коюлган дооматтар алынып салган. Стросс-Кан Нью-Йорктогу мейманканалардын биринде ал жерде иштеген аялды зордуктоого аракеттенип, сексуалдык ыдык көрсөткөн деп күнөөлөнүп жаткан. Ал май айында камакка алынгандан кийин кызматынан өз ыктыяры менен кеткен. Стросс-Кандын ордун июлда мекендеши, Франциянын финансы министри Кристин Лагард ээлеген.
​
XS
SM
MD
LG