Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Орозо айттан улам апрель окуясы боюнча сот жылды

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, бүгүнкү сот процесси Орозо айтка байланыштуу 5-сентябрга жылды. Кечээки соттук териштирүүдө 8 күбө көрсөтмө берди. Алардын бири, Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы 9-бөлүмдүн кызматкери Руслан Аракеев Өкмөт үйүнө жакындап келген адамдарга ок чыгаруу буйругу болбогондугун айтып, тергөөдө берген көрсөтмөсүн танды.

Апрель окуясы боюнча сот процесси 18-мартта жанданган. Анда экс-президент Курманбек Бакиев баштаган 28 мурунку аткаминерге айып тагылган. Алардын ичинен алты адамга издөө жарыяланган болчу. (EBM)
​
XS
SM
MD
LG