Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Отунбаева: Апрель ыңкылабы коомдун жарасын ачты


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган жыйында билдирди. Отунбаева өткөн 20 жыл өлкө үчүн оңой болбогонун, бийлик кетирген катачылык, жаңылыштыктардан улам мамлекеттүүлүктүн түркүгү бошоп калганын жүрөк кейиткен ачуу чындык деп атады. Коомдо тынчтык, бейпилдик орноду деп айтууга эртелик кыларын, коогалуу окуяларды унутуу үчүн жылдар керектигин белгиледи. Президент бийликтин бүгүнкү биринчи кезектеги милдети болуп элдин ага болгон ишенимин жана урмат-сыйын калыбына келтирүү деп айтты. Сот системасын реформалоо, тартип коргоо органдарынын ишин жакшыртуу маселелерине, алдыдагы президенттик шайлоого токтолду. (EBM)

XS
SM
MD
LG