Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Акыйкатчы Орозо айт эмне үчүн кеч жарыяланышын иликтейт


Акыйкатчы Турсунбек Акун Чубак ажы Жалиловдун Орозо айт тууралуу кечээ түн жарымда жарыялаганы тууралуу нааразычылыктар күчөп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Акыйкатчы институтуна Орозо айт тууралуу кеч угуп, айт намазга барбай, майрамга даярданбай калган, иш күн болбосо да убактысын текке кетирип жумушка келип алган адамдардан көп арыз түшүп жатат. “Ушундан улам диний аалымдардан турган комиссия түзүлөт, анда муфтий Жалилов кемчилик кетиргени аныкталса ал иштен кетиши керек”, - деп билдирди.

Муфтият Орозо айт тууралуу кеч жарыяланган себебин шарыят менен түшүндүрүп, айт күн айдын абалына карап аныкталат деп билдирүүдө.

Чубак ажы Жалилов бүгүн, 30-августта Орозо айт болоорун кечээ түнкү саат 11.30да коомдук биринчи канал аркылуу жарыялаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG