Кыргызстандын Боршайкомунан “Азаттыкка” билдиришкендей, Орусия БШКсынын мүчөсү Елена Дубровина жана тышкы байланыштар башкармалыгынын бөлүм башчысы Игорь Евланов кечээ Бишкекке келди. Алар иш сапарынын алкагында Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгын майрамдоого катышат, ошондой эле президенттик шайлоого даярдык, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары менен таанышат. 2-сентябрда Орусия шайлоокомунун өкүлдөрү Кыргызстан БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен жолугушат, андан тышкары Жогорку Кеңештеги кээ бир фракциялардын башчылары менен жүз көрүшүүнү максат кылышууда.
Кыргызстанды эгемендик күнү менен куттуктоо үчүн Орусия президенттик администрациясынын башчысы Сергей Нарышкин кечээ Кыргызстанга келди.(ZKo)
Кыргызстанды эгемендик күнү менен куттуктоо үчүн Орусия президенттик администрациясынын башчысы Сергей Нарышкин кечээ Кыргызстанга келди.(ZKo)