Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:47

Эгемендик жылдары 20 миң качкын Кыргызстандан башпаанек тапкан


Бул тууралуу БУУнун качкындар менен иштөө агенттигинин маалыматында жазылган. Ага ылайык Кыргызстанга Тажикстандан 1990-жылдардагы жарандык согуш учурунда 20 миңдей качкын өтүп келген, алардын жарымынан көбү СССРдин паспортун Кыргызстандын паспортуна алмаштырган. Андан кийинки жылдарда Ооганстандан, Өзбекстандан качып өткөн адамдардан да “качкын” макамын алып, Кыргызстанда калып жашагандары бар.

Ошол эле агенттиктин маалыматы боюнча, ушул күндө Кыргызстанда 17 миң киши эч кандай жарандыгы жок жашап жатышат. Булардын көпчүлүгү өлкөдө бир нече жылдардан бери жашап жатышса да жарандык алышкан эмес, айрымдарында СССРдин паспорту бар же такыр документтери жок, алардын басымдуу бөлүгүн аялдар жана аз улуттардын өкүлдөрү түзөт деп айтылат маалыматта. Жарандыгы жок адамдардын арасында туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбеген наристелер да жок эмес.

2009-жылы БУУнун качкындар агенттиги кыргыз өкмөтү менен биргеликте жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу жана мунун алдын алуу боюнча Улуттук план кабыл алышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG