Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Каддафинин өкүлү козголоңчулардын шартын четке какты


Муаммар Каддафинин маалымат катчысы Муса Ибрагим козголоңчулардын ултиматумун четке кагып, өзүн сыйлаган эл куралдуу бандиттердин шартына көнбөйт деди. Анын алдында Ливиянын Улуттук өткөөл кеңеши Каддафиге лоялдуу күчтөргө ишембиге чейин убакыт берерин билдирген. Куралдарын тапшырып бербегендерге аскерий күч колдонулаары эскертилди. Кеңештин лидери Мустафа Абдул Жалилдин айтымында, Сирте жана башка шаарларда кол башчылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал аралыкта Ливиянын өткөөл бийлиги Каддафинин үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алган Алжирди айыптады. Алжир жетекчилиги аларга гуманитардык себептерден баш калка бергенин ырастоодо. Айрым маалыматтарга караганда, Каддафинин кызы Айша кечээ эртең менен көз жарды. Полковниктин жубайы менен 3 баласы кошуна өлкөгө 29-августта барышкан. Ал эми Каддафинин дареги белгисиз.

Баш калаа Триполинин 2 миллиондой калкы таза суу менен электрэнергиясынын тартыштыгынан жапа чегишүүдө. Банк, дарыкана, дүкөндөрдүн көбү жабык турат. Гуманитардык уюмдар африкалык жүздөгөн мигранттар Триполидеги лагерлерде баш калкалашууда деп кабарлашууда. Көптөрү медициналык жардамга муктаж.

XS
SM
MD
LG