Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Грозныйдагы теракттан 8 киши каза болду


Грозныйда шейшембиде кечинде болгон кол салуудан соңку маалыматтарга караганда, 8 киши жан таслим болду. Курман болгондордун жетөө - полиция кызматкерлери. Интерфакс кабарлагандай, жан кечти тартип коргоочулар аны кармамакчы болгондо өзүн өзү жардырып жиберген. Теракт парламент имаратынан алыс эмес жерде болгон. Жергиликтүү жашоочулар жарылуудан кийин ок атышуу угулганын айтышты.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров мусулмандар үчүн ыйык күнү терактты ишке ашырууга аракеттенген бандиттер анык жүзүн көрсөтүштү деди. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG