Бишкектеги борбордук аянтта эгемендиктин 20 жылдыгына карата Кыргызстанда жашаган элдердин улуттук тамактарынын жана кол өнөрчүлүктөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан элдер Ассамблеясынан кабарланды. Өлкөнүн бардык аймактарында майрамга карата дасторкон фестивалдары ачылды. Кыргызстанды сексенден ашык улут байырлайт. (EBM)