Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Аба ырайы: шашылыш кабар


31-августтан, 1-сентябрга чейин нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. 1-сентябрда айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26 градус жылуу.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21 градус жылуу.

Бишкекте 1-сентябрда түнкүсүн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11.. 13, күндүз 26... 28 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG