Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Баткен: майрамга Өзбекстан, Тажикстандын өкүлдөрү катышты


Бүгүн Баткенде Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акими Мансуржан Мамажанов менен Тажикстандын Исфара районунун аткаруу комитетинин төрагасы Субхонидин Ашуров катышты. Облустук акимчиликтин маалыматына ылайык, коноктор куттуктоо сөзүндө чек аралаш жашаган элдердин достугу маанилүү экенин белгилешти.

Соңку жылдарда Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен айылдарында бир топ чыр-чатактар орун алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG