Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Румыниялык мэрдин сыгандарыд көчүрүү планы сынга кабылды


АКШ жана укук коргоочу топтор Румыниянын Байя Маре шаар мэринин сыгандарды көчүрүү планын сындашты. Эмнести Интернешнл жана Сыгандардын социалдык борбору көчүрүү коркунучуна жүздөгөн киши туш болгонун билдиришүүдө. Вашингтондун Бухаресттеги элчиси Марк Гитенштейн шаар башчысын жарандардын социалдык шарттарын жакшыртуунун башка жолдорун табууга, ар бир адамдын укуктарын урматтоого үндөдү. Мэр Константин Керекес америкалык элчилик менен укук коргоочуларга жаңылыш маалымат берилгенин ырасттодо. Анын айтымында, Байя Маре шаарынын айланасында сыгандардын айыл-кыштактарында документсиз жашаган адамдардын бардыгы жергиликтүү тургун экенин далилдөөгө тийиш.

XS
SM
MD
LG