Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

2-сентябрда айрым жерлерде жаан жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 2-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде гана жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрден, Ысык-Көл кылаасында 10-14 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31, Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29, Баткен аймагында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 градус, күндүз 29…31 градус жылуу болот.

1-сентябрдын таңында Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 20 градусту түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG