Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Ливия өткөөл кеңешине 15 млрд. доллар берилет


Дүйнө лидерлери Парижде өткөн жыйында Ливиянын тоңдурулган эсептеринен Улуттук өткөөөл кеңешине 15 миллиард доллар берүүгө макулдашты. Парижде өткөн эл аралык конференцияга Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин мүчөлөрү, 60 чакты өлкөнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ливиянын жаңы саясий жетекчилигин экстремизмге каршы күрөшүүгө, Каддафинин курал-жарактарынын карасанатай топтордун колуна түшүүсүн алдын алууга үндөдү.

Кечээ Европа Биримдиги ливиялык 28 фирмага каршы киргизилген санкицяларды жоюу чечимин жарыялаган. Ошол эле күнү Россия жана Украина Ливиянын Улуттук өктөөл кеңешин таанышты.

Ал тапта Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафи душмандарга каршы күрөшөөрүн билдирди. Араб телеканалдарынын бири көрсөткөн тасмада ал Ливиянын эли чөгөлөбөйт деди. Ал эми козголоңчулар каддафичилерге куралдарын өткөрүп берүү үчүн берилген мөөнөтүн узартышты.

XS
SM
MD
LG