Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Аксыда бир адам күйдүргүгө шектелүүдө


Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Семет айылынын тургуну, 37 жаштагы Таалай Назанов 30-августта күйдүргү жарасына (Сибирь кулгунасы) күмөндөлүп, райондук ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов билдирди.

Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл башынан бери күйдүргү оорусуна алты адам кабылганы тастыкталган. Былтыр бардыгы болуп күйдүргүгө чалдыккандар саны 26ге жеткен. (ЕК)

XS
SM
MD
LG