Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Тажикстанга карамай өткөргөн деп 2 киши кармалды


Каржы полициясы менен Салык кызматынын бирден кызматкерлери күйүүчү май аткезчилигине катышы бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМ алындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкарма жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев билдирди. Маалыматка ылайык, Каржы полициясынын Улан Бабаевдин жана Салык кызматынын Нурадил Токтосуновдун Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май өткөргөнгө катышы бар экендиги шектелип, ИИМ тарабынан кармалды. Аларга документтерди мыйзамсыз жасап берген жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айыптар коюлууда. (ЕК)

XS
SM
MD
LG