Быйыл Меккеге барып зыярат кылуу баасы 2350 АКШ долларын түздү. Ажылык сапарды уюштурууга байланышкан бүгүнкү жыйында зыяратчыларды ташуучу аба компаниялары аныкталганы маалымдалды. Буга байланыштуу сынакка 5 авикомпания катышып, алардын ичинен экөө - “Эйр” жана КТА тандалып алынды.
Меккеге барып зыярат кылуу быйыл октябрдын этегинде башталат. Кыргызстан үчүн Сауд Арабстан быйыл да жылдагыдай эле 4500 орун бөлгөн. (ЕК)
Меккеге барып зыярат кылуу быйыл октябрдын этегинде башталат. Кыргызстан үчүн Сауд Арабстан быйыл да жылдагыдай эле 4500 орун бөлгөн. (ЕК)