Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Лукашенка дагы төрт оппозиционерди абактан чыгарды


Беларуста өткөн декабрдагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясынын төрт активисти мунапыс боюнча абактан бошотулду. Президент кеңсесинин билдиришинче, алар “өз күнөөлөрүн жана мыйзамга ылайыксыз аракетке барышканын мойнуна алышкан”. Мунун алдында Биримдик менен мамилени жакшыртуу максатында Александр Лукашенка 15-октябрга чейин Беларустагы бардык абийир туткундары эркиндикке чыгат деп убада кылганын Евробиримдиктин мүчөсү - Болгария маалымдаган болчу.

Лукашенканын кайра шайлануусуна каршы өткөн протесттин дагы 50дөй катышуучусу, анын ичинде президенттикке талапкер болгон үч адам дале абакта деп жоромолдонууда.

XS
SM
MD
LG