Боршайкомдун бүгүнкү кайрылуусунда президенттикке талапкерлерге жана журналисттерге үгүт маалында мыйзам чегинде иш алып баруу өтүнүчү берилген. Ал эми ички иштер жана прокуратура органдарына мындай мыйзам бузуулар орун алса бул боюнча дароо чара көрүү сунушталган.
БШК талапкерлерге кайрылып, эгер мамлекеттик кызматта отуруп президенттикке баратса кызмат абалынан пайдаланбоо эскертилди. Мындан тышкары талапкер пайдасына кол топтоо жоболору түшүндүрүлдү. Ал эми ММК өкүлдөрүнө карата БШК үгүт маалында талапкерлерге карата атайылап каралоо мазмунунда макаларга орун бербөөгө чакырды.
Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 25-сентябрдан 29-октябрга чейин өтөт. (ЕК)