Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Кыргызстандык мушкерлер ийгилик жаратышты


2-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбоксинг боюнча континенттер аралык чемпиондук наам үчүн жана эл аралык таймашууларда бир катар кыргызстандык мушкерлер жеңишке жетишти.

Мелдештердин жыйынтыгында 67 кило салмакта Азия чемпиону Мирлан Ибраимов, 71 кг. салмакта Сталбек Дарканбаев, 72,5 кг. салмактагы беттешүүдө Азия чемпиону кыргызстандык Ален Офойе, 91 кило салмакта Рашид Аманкулов жеңишке жетишти.

Континенттер аралык чемпиондук наам үчүн кармашууда Кыргызстандын намысын Европа чемпиону Алексей Федосеев коргосо, анын атаандашы Азия чемпиону, Тайланд Королунун жеңүүчүсү Жамурапат Касевма болду. Таймашуу 8 раундга созулуп, жыйынтыгында кыргызстандык мушкер жеңүүчү болду.

Бул таймашууларга Казакстан, Өзбекстан жана Таиланд өңдүү өлкөлөрдөн мушкерлер катышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG