Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Евробиримдик Сирияга каршы санкциясын кеңейтти


Жаңы санкциялардын алкагында Сириянын европалыктар алака-бересе кылуусуна тыюу салынган компанияларынын катарына дагы үчөөсү: бир банк, бир инвестициялык топ, бир транспорт фирмасы кошулду. Мындан сырткары Европадагы активдери тоңдурулган жана бул жакка келүүсүнө тыюу салынган сириялык 50дөй расмий өкүлдүн тизмесине үч ишкер да киргизилди. Жаңы санкциялар кабыл алынар алдында кечээ Сирияда коопсуздук күчтөрү өкмөткө каршы демонстрациянын 17 катышуучусун мерт кылганы кабарланган.

Бул аралыкта Орусия Евробиримдиктин Сирияга каршы бир тараптуу санкцияларын айыптады. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Душанбеден белгилегендей, Орусия “ бир тараптуу санкциялар жакшылыкка алып барбасын ар убак айтып келген”.

XS
SM
MD
LG