Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:19

Жаныш Бакиевдин уулдары кармалганы кабарланууда


Коомдук коргоочу Бүбүайша Арстанбекованын «Азаттыкка» билдиришче, кечээ кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Жол” бекетинде Казакстанга өтүп бара жаткан жеринен Жаныш Бакиевдин уулдары делген 12 жаштагы Нурсултан жана 20 жаштагы Асылбек Салиевди УКМК кызматкерлери кармашты. Улуттук коопсуздук комитети бүгүн 12 жаштагы Нурсултанды сыртка чыгарышты. Ал эми Асылбек Салиев болсо дале УКМК имаратында кармалууда. Бүбүайша Арстанбекова Жаныш Бакиевдин уулдары эч негизсиз кармалганын, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кармалышы менен мыйзам одоно бузулуп жатканын билдирүүдө.

Бул жагдай боюнча УКМК комментарий бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы учурда бул факт боюнча расмий билдирүү келе электигин “Азаттыкка” ачыктады.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы, Мамлекеттик коргоо кызматынын мурдагы төрагасы Жаныш Бакиев учурда издөөдө жүрөт. Апрель окуясынан кийин ага карата “киши өлтүрүүгө катышкан”, “күч колдонуу менен кызматтык укуктарынан аша чапкан” “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар тагылууда. Бакиевдердин жактоочулары бул айыптарды четке кагып келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG