Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

АКШда теги пакистандык жигит терроризмди колдогон деген айып менен кармалды


Жыйырма төрт жаштагы Жабаир Ахмед исламчыл согушкерлердин Пакистандагы “Лашкар-э-Тайба” тобун колдогон деп айыпталууда. Америкалык прокурорлордун айтымында, түндүк Виржинияда жашаган бул жигит былтыр сентябрда интернеттеги YouTube сайтында “Лашкар –э-Тайба” тобун колдогон пропагандалык видеону жайгаштырган. Прокурорлор белгилегендей, ал кийин сурак берүү учурунда видеого тийиштиги жоктугун билдирип, калп айткан. Жабаир Ахмад эгер сот тарабынан күнөлүү деп табылса, чет элдик террордук уюмга материалдык колдоо көргөзгөнү жана тергөө учурунда калп билдирүү жасаганы үчүн 23 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Индияга каршы турумду карманган “Лашкар –э-Тайба” согушчан тобун АКШ өкмөтү чет элдик террордук уюм катары 2001-жылы тааныган. ФБРдин тергөөчүлөрүнүн айтымында, иликтөө учурунда Ахмед өспүрүм кезинде Пакистанда “Лашкар-э-Тайбадан” таалим-тарбия алганы аныкталды.

XS
SM
MD
LG