Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Ливиянын Улуттук өткөөл кеңеши Триполиге көчүүдө


Улуттук өткөөл кеңеши Ливия борборуна келерки аптада көчөрү жөнүндө анын төрагасы Мустафа Абдел Жалил билдирди:

- Кудайдын жардамы менен биз келерки аптада Триполиге көчөбүз. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн журналисттерди кабыл алып, биздин даңктуу жеңишке ири салым кошкон Бенгазинин жашоочулары, козголоңчулары жана Бенгазинин боштондук аянтына ыраазчылык билдирип коштошобуз.

Муаммар Каддафинин 42 жылга созулган бийлигин кулатуу жараянына чыгыштагы Бенгази шаарынан туруп жетекчилик кылган Улуттук өткөөл кеңеш 20 ай ичинде демократиялык шайлоо өткөрүүнү, Конституциянын жаңы долбоорун даярдап, аны референдумга чыгарууну убада кылууда.

Ушул бейшемби күнү дүйнө лидерлеринин Париждеги жыйынында Улуттук өткөөл кеңешке Ливиянын четте тоңдурулган активдеринин 15 миллиард доллардан көбүн берүү маселеси макулдашылды. Ал эми качып жүргөн Муаммар Каддафи ушул аптада араб телеканалдары уктурган аудиокайрылуусунда жаңы бийлик менен узакка созулуучу партизандык согушту убада кылды.

XS
SM
MD
LG