Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Алматыда кыргызстандык кыз кулчулуктан куткарылды


Казакстандын Алматы шаарында 15 күн сексуалдык кулчулукка кабылган кыргызстандык Ляйля аттуу кыз куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын “КАЗИНФОРМ” маалымат агенттиги, Алматынын ички иштер департаменине шилтеме кылып билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык кыз иштеп акча табуу максатында мындан эки жума мурда Алматыга келип, “Сайран” автовокзалында бир аял менен таанышып калган. Аял кызга азык-түлүк саткан дүкөндөн кызмат таап берерин убада кылган. Кийинки бир жолугушууда кыргызстандык кызды алдоо жолу менен бир батирге алып келип, камап коюп, денесин сатып иштөөгө аргасыз кылган. Ал аял кыздын паспортун алып койгон.

Бул жагдайды Алматынын ички иштер кызматкерлери билип калып, кыргызстандык кызды сексуалдык кулчулукка барууга аргасыз кылган аялды кармашты. Кыргызстандык кызга психологиялык жардам көрсөтүлүп, аны мекенине жиберүү иштери колго алынууда. Бул жагдай боюнча Кыргызстандын тиешелүү министрликтери маалымат бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG