Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Бишкек-Ош каттамындагы бир учак чукул конууга аргасыз болду


“Kyrgyz Airways” аба компаниясына тиешелүү АТР үлгүсүндөгү учак Бишкектен Ошко сапар алып, желдетүү системасындагы маселелерден улам кайра аба майданга конууга аргасыз болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматкери Чыңгыз Эсенгулов билдирди. Маалыматка ылайык, учактын бортунда экипаждан тышкары 48 жүргүнчү болгон. Учурда министрликте атайын комиссия түзүлүп, бул жагдай иликтөөгө алынууда. Министрлик маалымдагандай, бул учак учаардан мурда техникалык кароодон өткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG