Дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Чолпон-Ата шаарында XI Ысык-Көл спорттук оюндары башталды. Спорттун 16 түрү боюнча өтө турган мелдештерге Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Азербайжан жана Монголиядан спортчулар катышууда. Бүгүн кечке жуук оюндардын расмий ачылышы болот. Ысык-Көл оюндары 12-сентябрга чейин созулмакчы. (KKs)