Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

ЖК комитети Түркия менен визасыз тартипке өтүүнү жактырды


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитети “Кыргызстан менен Түркия ортосундагы жарандардын каттамдары боюнча келишимди ратификациялоо” жөнүндө мыйзамдын долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирүүдө.

Комитеттин жыйынында сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бул мыйзам долбоору жарандарга эки өлкө ортосунда визасыз катташууну камсыз кылмакчы. Кыргызстан менен Түркия ортосундагы бул келишимге 26-апрелде Анкара шаарында кол коюлган. Келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялоого тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG