Боршайком президенттик шайлоого катышам деп арыз берген 11 талапкерди каттоодон баш тартты. Буга талапкерлердин шайлоо фондун түзбөгөнү себеп болгонун “Азаттыкка” БШК мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди. Талапкерлер арыз бергенден кийин беш күндүн ичинде шайлоо фондун түзүшү абзел эле.
Натыйжада БШК Куттубек Асылбеков, Бийназар Бердикеев, Төлөн Дыйканбаев, Жаныш Рүстөмбеков, Полотбек Кенжекулов, Мадияр Кулуев, Арстанбек Осоев, Алмаз Парманов, Айбек Садыков, Нишанбай Сулайманкулов, Сазыкбай Турдумалиевдин талапкерлигин каттоодон баш тартып, президенттикке ат салыша турган адамдардын саны 67ге түштү. Аты аталган талапкер азырынча расмий комментарий бере элек.
Шайлоого катышуу үчүн арыз берген жарандар 100 миң сомдук күрөөнү төгүп, 30 миң адамдын колун топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өткөндөн кийин гана каттоодон өтөт. (KKs)