Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Темир Сариев сотто күбө катары маалымат берет


Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү Темир Сариев бүгүн 7-апрель окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берет. Бул тууралуу «Азаттыкка» апрель окуясынын жабырлануучуларынын адвокаты Осунбек Жамансариев маалымдады. Бул маалыматты Темир Сариев өзү да "Азаттыкка" тастыктап, 2010-жылы 7-апрелде Өкмөт үйүнө бир нече жолу кирип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, ошол күнү Ак үйдүн алдында тынчтык митинги болгонун, сотто мына ушулар тууралуу чындыкты айтарын билдирген.

«Ак шумкар» саясий партиясынын лидери Темир Сариев мурунку бийликтин тушунда оппозицияда болгон. 2010-жылы 7-апрелде Темир Сариев өкмөт башчы Данияр Үсөнов, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев жана баш проркурор Нурлан Турсункулов менен ок атууну токтотууну, камакка алынган оппозиция лидерлерин бошотууну сүйлөшкөнүн ошол күнү «Азаттыкка» кабарлаган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG