Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Акордолуктар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты


Учурда өкмөт үйүнүн алдында өтүп жаткан митингге жүз чакты адам катышууда. Конуш тургундары премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин чыгышын талап кылууда.

Митингчилер ТЭЦ-2 жана Ак-Ордо конуштарынын тургундарынын жерге болгон кызыл китеп маселеси чечилбей жатканын айтып, аны тез арада чечип берүүнү талап кылды. Мындан тышкары митингчилер конуштагы жашоо-шартын жакшыртып берүү талаптарын коюп жатат. Акордолуктар буга чейин да ушундай эле талаптар менен нааразылык акциясын уюштуруп келген. Бул эки конушта жалпысынан миң чакты түтүн эл бар. (ЕК)

XS
SM
MD
LG