Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

“Прогресс” фонду БШК жетекчилигине иш козгоо өтүнүчү менен чыкты


“Прогресс” фонду БШК жетекчилерине карата кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башпрокуратурага кайрылды. Фонд жетекчиси Адил Турдукулов буга чейин өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин административдик ресурсту колдонуп жаткандыгы тууралуу БШКга бир нече ирээт кайрылуулар болгонун белгилейт.

"Бирок БШК жана Башпрокуратура бийликтен кетип жаткан одоно мыйзам бузууларга көз жумуп, катардагы талапкерлердин кемчиликтерин баса калууда," – дейт Турдукулов.

Бирок БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” Боршайком дарегине буга дейре “Прогресс” фонду тарабынан мындай мазмунда бир да кайрылуу келип түшпөгөндүгүн айтып, бул дооматтар жүйөөсүз экендигин билдирди.

Адил Турдукулов болсо кайрылуусун БШК канцеляриясына өз колу менен тапшырганын "Азаттыкка" билдирди. (ЕК)

XS
SM
MD
LG