Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

7-апрель окуялары боюнча сот уланууда


Бүгүнкү соттук отурумда 5 адам күбө катары суралды. Алардын ичинде убактылуу өкмөт мүчөсү Темир Сариев да ал окуялар боюнча көрсөтмө берди. Сариев митингге чыккан адамдарда курал-жарак көрбөгөнүн, Бакиев адамдарга каршы ок атылып жаткандыгынан кабардар болуп тургандыгын, Ак үй алдында ошол күнү кечки 19.00 жана 20.00 чамасында эң көп киши окко учканын билдирди.

Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан бүгүн маалымат таратышты. Бул иш боюнча 28 айыпталуучу өтүүдө. Алардын алтоо Кыргызстандан качып кеткени маалым. 7-апрелдеги окуялардан жабыр тарткан деп 300 адам таанылган. (ЕК)

XS
SM
MD
LG