Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Казанда “Мусулман киносу” фестивалы башталды


Татарстандын борбору Казанда “Мусулман киносу” деп аталган эл аралык фестиваль ачылды. Уюштуруучулардын сөзүнчө, сынакка диндердин өкүлдөрү тарткан жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган түрдүү фильмдер катышат. Фестивалда Азербайжан, Босния, Кыргызстан, Казакстан, Австралия, АКШ, Германия жана башка өлкөлөрдүн режиссерлорунун 39 эмгеги сынакка түшөт. Конкурстан тышкары 15 фильм көрсөтүлөт. Казанда буга удаа эле эми кино тарта баштаган жаш режиссерлордун да фестивалы өтүүдө. Ага 32 тасма катышууда.

XS
SM
MD
LG