Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Жаштар парламенти шайлоо бекеттери азайышын сынга алды


Жаштар парламенти чет жерлерде шайлоо бекеттерин кыскартуу мигранттардын укугун чектейт деп билдирүү таратты.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо тууралуу жаңы мыйзам боюнча чет өлкөлөрдө Кыргызстандын элчиликтери менен консулдуктарында гана добуш берүүгө болот деп билдирген болчу. Маалыматка ылайык, 23 өлкөдө 29 шайлоо бекети ачылат. Былтыр парламенттик шайлоо маалында 44 бекет уюштурулган болчу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков парламенттин 1-сентябрындагы отурумунда шайлоо бекеттеринин кыскарышы боюнча көптөгөн нааразычылыктар түшүп жаткандыктан бул маселе каралаарын билдирген эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG