Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо президенттик шайлоодон кийин болот


Мындай жардыкка мамлекет башчы Роза Отунбаева 7-сентябрда кол койду. Ага ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көкирим, Атай айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Көнөрчөк, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо президенттик шайлоо аяктагандан кийинки мезгилге которулду. Борбордук шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнүн аныктоо тапшырылды. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 30-октябрда боло турган президенттик шайлоого сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү, өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалдын туруктуулугун сактоо максатында, коомчулуктун көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен жылдырылды деп айтылат президент кол койгон жардыкта.

Мамлекет башчынын 2011-жылы 9-августтагы жардыгына ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 9-октябрда болмок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG