Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

«Ата Журт» фракциясынын башчысы алмашты


Фракция башчысы болуп жүргөн Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу бул милдетин фракциялашы Садыр Жапаровго убактылуу өткөрүп берди. Анын бул демилгесин фракция мүчөлөрү да колдоп беришкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» маалымдаган Садыр Жапаровдун айтуусунда, фракция башчысын шайлоо 7-сентябрда депутаттык топтун жабык эшик артында өткөн жыйынында болуп өттү.

Жогорку Кеңеште беш фракция бар. «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев да 30-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG