Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Oрусияда кыргыз сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү өтөт


Санкт-Петербургдагы Туман Жумабаевдин көргөзмөсү Кыргызстандын көз каранды эместигинин 20 жылдыгына багышталган.

Санкт-Петербург көркөм өнөр академиясынын бүтүрүүчүсү жана Орусиянын жергиликтүү сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү Жумабаевдин Амбасадор мейманканасында 12-сентябрда ачылып жаткан көргөзмөсүнөн белгилүү сүрөткердин таанымал болуп калган гүл натюрмортторун жана Үркүн сериясындагы алгачкы сүрөттөрүн көрсө болот.

«Консул» журналына берген маегинде сүрөтчү Үркүн боюнча сүрөттөрдө "Kим күнөөлүү же согушту ким баштады?" деген суроодон мурда, амалсыз адамдын чексиз кайгысын чагылдырууну максат кылгандыгын белгилеп, улуттар аралык араздашуудан арылуунун жолун жек көрүүчүлүктөн эмес, ал пайда кылган азаптын тереңдигин түшүнүүдөн издеш керек экендигин баяндайт. JCH

XS
SM
MD
LG