Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Медведев кыйроо жайында болду, тыкат тергөө талап кылууда


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн өлкөнүн авиациясындагы коопсуздуктун солгундугун сынга алып, 43 кишинин, анын ичинде өлкөнүн хоккей бонюча чемпион тобунун мүчөлөрүнүн өмүрүн алган учак кыйроосун тыкат териштирүүгө буйруду. Медведев Як-42 жүргүнчү учагы Москванын жанындагы Ярославл шаарына жакын жерде кулап түшкөн жайда болуп, кыйроону бүт өлкөнүн «кайгысы» деп мүнөздөдү:

Бүт өлкө үчүн жүрөктү титирткен иш болду, мындай катастрофада ушундай болот экен. Бирок мында дагы бир кошумча жагдай бар – учакта баарыбыз аздектеген, мыктылардын мыктысы, өлкөдөгү эң жеңиштүү хоккей тобу болгон. Бул алардын туугандарына гана эмес, бүт өлкө, бардык күйөрмандар үчүн зор жоготуу.

Кыйраган учакта Локомотив Ярославл командасынын орус, беларус, чех, швециялык, словак жана канадалык мүчөлөрү болгон. 43 сөөк табылды, аман калган эки кишинин абалы оор экендиги кабарланууда. Кыйроонун себеби тактала элек.

XS
SM
MD
LG