Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Казакстанда түрмөдө отургандар түстүү кийим кийишет


Казак бийликтери айыпкерлерге жаңы, түстүү униформа киргизишти. "Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, бул чара качып кеткен айыпкерлерди кармоо ишин жеңилдетүү үчүн керек болот. Юстиция министрлигинин түрмөлөрдү көзөмөлдөө комитетинин өкүлү Самал Гадылбекованын кечээ билдиришинче, өкмөт феврал айында кабыл алган жардыкка ылайык, жумуш лагерлеринин тургундары жашыл, катуу кайтаруудагы түрмөлөрдө көк, ал эми өзгөчө катуу кайтарылган жайларда айыпкерлер кара форма кийишмекчи. Гадылбекованын айтымында, жаңы кийимдер ушул жумада Караганды, Түндүк-Казакстан областарынын түрмөлөрүнө таратылды.

XS
SM
MD
LG