Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

КТРКнын Байкоочу кеңешин колдогон пикет өтүп жатат


Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешин тим коюуну талап кылган нааразылык акциясы бүгүн да уланууда. Аны уюштуруучулардын бири - укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиришинче, Байкоочу кеңеш 2013-жылга чейин иштеши керек деген чечимдер бар, андыктан, анын азыркы курамын таркатып, жаңысын түзүү керек деген демилгелер мыйзамсыз. Бул президенттик шайлоо алдында маалымат таркатуучу негизги булактардын бирине саясый көзөмөл кылуу аракети деп эсептейт ал. Жогорку Кеңеш 9-июнда Байкоочу кеңеш таркатылышын көздөгөн мыйзам долбоорун кабыл алып, президентке жөнөткөн. Бирок, мамлекет башчысы ага кол койбой койгон. Бүгүн парламентте ушул маселе кайрадан каралмай болуп жатат.

XS
SM
MD
LG