Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Миңкуштуктар президентке кайрылуу жолдошту


Нарындын Миң-Куш шаарчасынын тургундары жашоо-шартын жакшыртуу талабы менен Бишкекке чабарман жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Миң-Куштун тургуну Аралбек Сабыралиев билдирди. Минкуштуктар президент Роза Отунбаева жана премьер-министр Алмазбек Атамбаевге кайрылып, шаарчадагы миң түтүнгө казына эсебинен 500 миң сомдон бөлүп берүү талабын коюшууда.

“Аймактагы саламаттык, жумушсуздук, эчен жылдар чечилбей келген социалдык маселелер толуп кетти. Эгер 15-октябрга дейре кайрылуубузга жооп болбосо, Миң-Куш президенттик шайлоого катышпоо чечимине келет”, – дейт Сабырбеков.

Сентябрдын биринчи аптасы шаарчада 2-3 күн катары менен митинг өтүп, анда Бишкектеги бийлик өкүлдөрүнүн келүүсү талап кылынып, бирок иш-чара майнапсыз аяктаган. (ЕК)

XS
SM
MD
LG